Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Лейлектен ажылык сапарына аттанган мекендештерге атайын сабак өтүп, ажылыктын тартиптерин айтып берди

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы  Нуридин ажы Мамасабиров  Лейлек районунан ажылык сапарына аттанган мекендештерге атайын сабак өтүп, ажылык учурунда аткарылуучу амалдар тууралуу маалымат берди.

«Ажылык-бул Алланын беш парзынын бирөөсү. Ал жерге барган соң кулк-мүнөз, адеп-ахлагыбызды, жүрүм-турумубузду оңдообуз зарыл. Ошондуктан ниетибизди түз кылып, Алланын ыраазычылыгы үчүн деп амалдарды аткаруубуз керек. Ажылыкка баруу сиздерге насип кылыптыр, буга да шүгүр кылып, муфтияттан бөлүп берген ажы башчынын айтканын угуп, ажылыкта аткарылуучу ибадаттарды так  үйрөнүп алыңыздар», – деди облус казысы.

Эскерте кетсек, мындан ары ажылык курстары Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан байма-бай уюштурулмакчы.