Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Лейлек районунун имамдары менен жолугушуп, аймактагы көйгөйлөрдү укту

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров И.Раззаков шаарынын борбордук мечитинде  Лейлек районунун имамдары менен жолугушту. Жолугушууда имамдардын эл алдындагы  милдеттери, муфтияттын фатвасына  ылайык  иш алып баруу керектигин баса белгилеп,  бир катар тапшырмаларды берди.

“Имам-эл адамы. Андыктан өз милдетин Алланын алдында так, даана так аткаруусу керек. Ошол эле учурда дин кызматкерлери мамлекеттик саясатка аралашпай, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасына ылайык  иш алып барып, экстремизм, терроризмге жол бербөөгө милдеттүүбүз. Азыркы учурдагы эң маанилүү маселелердин бири мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү”,- деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Эске салсак, Лейлек району боюнча жалпы 100 мечит катталган. Алардын 86 эсептик каттоодон өтсө, 24 мечиттин документтери даярдалууда.