Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жеке ишкерлер менен жолугушуп, казыяттын имаратынын курулушу менен тааныштырды

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев жеке ишкерлер менен жолугушуп,  казыяттын имаратынын курулушу менен тааныштырды. Облус казысы учурда казыяттын курулушу кызуу жүрүп жаткандыгын айтып, чатыры жабылуу алдында экендигин айтты.

«Учурда казыяттын имаратынын курулушу кызуу жүрүп жатат. Буюрса чатыры жабылуу алдында турат. Казыятыбыз  ишке кирсе көптөгөн пландар бар жана кызматкерлерибизге жакшы шарттар түзүлөт»,-деди облус казысы.

Ишкер  Думан Рыскулов Талас облустук казыятынын  курулушуна ийгилик каалап, жакындан жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.