Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров №48 кесиптик лицейинин студенттерин билимдүү болууга чакырды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Раззаков шаарына жасаган иш сапарынын алкагында №48 кесиптик лицейдин студенттери менен жолугушуп, адеп-ахлак, ата-энени, мугалимдерди урматтоо жана экстремизм, терроризм алдын алуу  боюнча баяндама жасады.

«Биздин ата -бабаларыбыз Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасын карманып келишет. Ошондуктан биз дагы ушул жолдон чыкпашыбыз зарыл. Куранга жана сүннөт негизинде куралган жол. Урматтуу студенттер! Интернет айдыңындагы ар кандай азгырыктарга алданбай, өзүбүздүн аалымдардын баяндарын уккула! Колуңарга диний китеп алганда муфтияттын  уруксаты бар экендигин текшерүү зарыл.  Текшерүүдөн өткөн китептерде атайын Муфтияттын мөөрү басылган»,- деди облус казысы Нурудин ажы Мамасабиров.

Муну менен катар облус казысы убакыттын кадырын билип, мугалимдерге сый-урмат көрсөтүп, илим алууда талыкпай мээнет кылуу керектигин баса белгиледи.