Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Лейлектеги диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттердин билим деңгээлин текшерди

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттердин билимдерин текшерди.

“Ар бир студент заман талабына ылайык шартта илим алууга тийиш. Биз колубуздан келишинче кызмат кылып  берүүгө тийишпиз. Буюрса окуу жайлардагы билим берүү системасын жана шарттарды мындан дагы жакшыртууга бар күчүбүздү жумшайбыз”,-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Ал эми  Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов  Лейлек районундагы диний окуу жайлардын жетишкенчиликтери жана кемчиликтерин айтып, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилип берилген программанын алкагында окутуу керектигин, кайдыгер караган окуу жайларга расмий эскертүү бериле тургандыгын эскертти.

Эскерте кетсек, Баткен облусу боюнча жалпы 11 медресе, 1 ислам институту  жана 1 окуу борбору өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.