Ош шаарында «Куран жазы 2022» аталышындагы кыз-келиндер арасында Республикалык Куран жарышынын финалдык беттеши болуп өттү

Ош шаарындагы «Кыргызстан» кинотеатрында «Куран жазы-2022» аталышындагы кыз-келиндер арасындагы Республикалык Куран жарышынын финалдык беттеши өтүп, калыстар тобунун чечимине ылайык жеңүүчүлөр аныкталды.

Куран жарышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана Ош шаарынын тургундары катышты.

Финалдык беттешке чейин 1-турга 38 талапкер катышса,  2-турга 15 талапкер катышып, сынактан ийгиликтүү өткөн 9 хафиза айым финалга жолдомо алган.

Куран жарышынын жыйынтыгында:

1-орун Шерова Фатима — Умра сапары жана 25 000 сомдук сертификат.

2-орун Дадажанова Умида — Умра сапары жана 20 000 сомдук сертификат.

3-орун Хатамжан кызы Рухсона — Ноутбук  жана 15 000 сомдук сертификат.

4- орун Абдуллажанов Робия — Уюлдук телефон.

Муну менен катар финалдык беттешке катышкан жалпы катышуучуларга демөөрчүлөр тарабынан үй тиричилик буюмдары, сапаттуу саркеч кийимдер жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Эскерте кетсек, «Куран жазы-2022» аталышындагы сынак Ош шаардык мусулмандарынын казыяты, “Мухаммед-Умар” коомдук бирикмеси жана “Куран ордо” диний уюму тарабынан өткөрүлдү.