Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят кызматкерлери тилсиз жоодон жабыркаган имамдан кабар алышты

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу «Топчубай ажы» мечитинин имамы Таабалды Алибековдун атасынын дүйнөдөн өткөнүнө жана үйү күйүп кеткенине байланыштуу облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, орун басары Алибек ажы Жусупов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров баштаган дин кызматкерлери Кара-Кулжа районуна барышты. Зыяраттын алкагында Сайдамир ажы тилсиз жоодон жабыр тарткан имамды сабырдуулукка чакырды.

«Ыйык Куранда кыйынчылыктын артынан жеңилдик келээри  айтылган. Белди бекем бууп, кайраттуу болуңуздар! Казыят, хатибият жамааттары сизге дуба кылып, Алладан жеңилдик тиледик. Азирети Муфтий Замир кары Ракиев да сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүп, көңүл айтуу менен сиздерге саламын жолдоду», – деп билдирди облус казысы.

Ош облустук казыяты жана хатибияттары тарабынан үйү толугу менен күйүп кеткен Таабалды Алибековго материалдык жардам көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, жеринен барып кабар алган Сайдамир ажы Жейналиев баштаган облустук казыяттын эмгек жамаатын Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Сатаров кырсык катталган жер менен тааныштырды.