Ошто имамдын демилгеси менен ишембилик уюштурулуп, 100 кап таштанды чыгарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу «Имам Ата» мечитинин имам-хатиби Юсуфхон Акматалиевдин демилгеси менен массалык ишембилик, тазалык иш-чарасы уюштурулду. Жергиликтүү жашоочулар Навои, Токтогул паркы, Сулайман-Тоо, Кыргызстан кинотеатрынын тегереги, Черемушка кичи районунан Шакиров көчөсүнө чейинки жолдорду тазалашып, таштандыларды чыгарышты.

«15 жаштан 55 жашка чейинки ыктыярчылардан турган тазалык кербенибиз дээрлик 25 чакырым аралыкты жөө басып, 6 саат бою тынымсыз иштеди. Бизди көргөн замандаштар катарыбызга кошулуп отуруп, 10 адам менен башталган иш-чарабыз 50-60 киши менен жыйынтыкталды. Атайын форманы жамаатыбыз өзү көтөрдү», – деп билдирди Юсуфхон Акматалиев.

Эскерте кетсек, аталган мечиттин имам-хатиби ушул сыяктуу көптөгөн демилгелерди ишке ашыруу менен жаштарды коомдук иштерге шыктандырганы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.