Азирети Муфтийдин катышуусунда Ош облусундагы жана Ош шаарындагы дин кызматкерлерине атайын форма тапшырылып, бир катар тапшырмалар берилди

Бүгүн, 6-июнь күнү Ош облусунун аймагындагы имамдарга бирдиктүү формалар тапшырылды. Аталган саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин кеңешчиси Асан ажы Сыргабаев, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Ош шаарынын жаңы дайындалган казысы Мырза  кары Осмонов, КР Дин иштери боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков  жана казыят аппараты жана облустагы райондук баш имам-хатибдер катышты.

«Урматтуу дин кызматкерлери! Сиздер ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууда кабагым-кашым дебей ак кызмат кылып, элибиздин диний муктаждыктарын чечип келесиздер. Өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлерине 3800 форма тигилди. Өлкө башчыбыз үчүн дайыма дуба кылып, белегине ыраазычылык билдирели. Өлкөнү башкаруу жана жоопкерчиликтүү болуу оор иш. Алла Таала Өзү колдоп, жардам берсин! Эми жалпыбыз кийип, бирдиктүү формага өтөлү. Алла Таалам эл-журтубузга татыктуу кызмат кылууну насип кылып, эки дүйнөдө тең жүзүбүздү жарык кылсын», – деп билдирди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий Замир кары Ракиев дин кызматкерлери калк менен тыгыз кызматташып, түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү керектигин билдирди.

«Биз элибизге Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча маалымат берип, туура багытты көрсөтөлү. Ар кандай терс диний агымдардан оолак кылууда сиздердин мээнет маанилүү. Экстремизм, терроризм менен күрөшүүдө дайыма жергиликтүү бийлик менен иштеп, жаштар арасында агартуу иштерин жүргүзүү зарыл»,-деди Замир кары Ракиев.