Григорьевка айылындагы жалгыз бой энеге айыл жаштары 2 бөлмөлүү турак-жай курушууда

Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылындагы жалгыз бой эне Мейизгүл Корголдоевага 2 бөлмөлүү турак-жай курулууда.  Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиевдин айтымында  ушул эле айылдын 1985-жылкы жаштарынын  демилгеси менен башталган курулуш учурда кызуу жүрүүдө.

“Мейизгүл Корголдоевага курулуп жаткан үй буюрса күз айларында бүтүп, тапшырылмакчы. Демилгени айыл жаштары көтөрүп, ысырапкорчулукка жол бербестен кайрымдуулукка жумшоо чечимин кабыл алышкан. Мына ушундай үлгүлүү жаштарыбыз көбөйүп, өсүп келе жаткан муундарга түрткү берсин”,-деди Максат ажы Сейталиев.