Ысык-Көл облусунан ажылык ибадатын аткаруу үчүн жөнөп жаткан жарандарга сабактар өтүлүүдө

Ысык-Көл облусунан ажылык ибадатын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Медина жана Мекке шаарларына жөнөп жаткан жарандарга облустук казыяттын үгүт-насаат жана билим берүү бөлүм адиси Талгат Соноев атайын сабактарды уюштурууда.

«Ыйык жайларга баргандан кийин убакытты текке кетирип, дүкөндөрдү кыдырбастан ажылыкка жакшы даярданып, ибадаттарга  көңүл буруңуздар!  Ажылык иши машакаттуу. Андыктан сабырдуу болуп, ажы башчылар менен жакшы иш алып баруу зарыл»,-деди Талгат Соноев. 

Ошондой эле жолугушууда Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүүдө этияттыкка маани берип, Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын сактоо керектигин билдирди.