Кара-Суу районунда жаңы мечит ачылып, пайдаланууга тапшырылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Телман айылында жаңы мечит ачылды. Мечиттин ачылышына Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Ош шаарынын мурдагы казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облустук казыятынын бухгалтерия жана чарба адиси Сулайман ажы Шерматов, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров,  «Ас-Сафа» фондунун өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Мечит «Абу Бакр Сиддик» деп аталып, «Ас-сафа» фонду демөөрчүлүк кылган.

«Мечиттин экинчи кабатын, эки окуу классын, дааратканаларын демөөрчүлөр курса, биринчи кабаты жергиликтүү эл тарабынан бүткөрүлдү. Ыйык Куранда «Алланын мечиттерин Аллага, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Алладан гана корккон (адам) курат», – деп айтылган. Мечит бүгүндөн тарта эл кызматына ачылды. Алла Таалам куттуу жана маарек кылсын»,-деди Алибек ажы Жусупов.

Ал эми Абдирашит ажы Батыров курулуштардын эң жакшысы мечит, медресе жана элге керектүү болгон социалдык объектилер  экенин айтты.

«Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Мединага баргандагы эң биринчи жумушу мечит куруу болгон. Мечиттерден ыйман, адеп-ахлак, илим-билим, маданият дүйнөгө тараган. Ушундай куттуу жайды абад кылуу сиздердин колуңуздарда», – дели Абдирашит ажы.

Белгилей кетсек, жаңы мечитке казыят, хатибияттын атынан 10 даана ыйык Куран белек кылынды.