Кадамжай районунун борбордук “Имам Ал Бухари” мечитинде аймактагы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, экстремизм, терроризм боюнча маалыматтар берилди

Кадамжай районунун борбордук “Имам Ал Бухари” мечитинде  аймактагы дин кызматкерлери үчүн атайын  жыйын өтүп, ага КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков  жана Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышты.

Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан №02-104 буйругунун аткарылышы, терроризм жана диний экстремизм идеологиясына каршы аракеттенүү маселелери каралды.

“Урматтуу имамдар! Ар бир имам өзүнүн аймагындагы мечитте Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасын жакшылап түшүндүрүп  берүүсү керек. Ошондой эле ар бир мечиттин тазалыгына көңүл буруңуздар! Мечиттерде шкаф жасалып, анын ичинде имамга тиешелүү селде жана чепкен болсун. Элден үшүр жыйнап, медресе жана   муктаж болгон үй-бүлөлөргө азда болсо көмөк көрсөтүңүздөр!”-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Ал эми КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков  “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат” тууралуу кеңири маалымат берди.