Баткендеги дин кызматкерлерине облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун катышуусунда бирдиктүү формалар тапшырылды

Баткен облусундагы дин кызматкерлерине бирдиктүү формалар тапшырылды. Саамалыкка Баткен облусунун мусулмандарынын казысы жана казыяттын эмгек  жамааты катышты.

«Диний жааттагы кызматкерлер коомчулукка үлгү болушубуз керек. Ар бирибиз өз милдетибизди так аткарып, элибизге динибиздин асыл баалуулуктарын жеткирели. Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан коюлган бардык талаптарды аткарып, формаларыбызды кийип жүрөлү»,-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Ал эми казыяттын үгүт-насаат, мечиттер адиси Сайдахмад Аппазов мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдө бир кыйла жылыш болгонун белгилдеп, эмгектенүү керектигин билдирди.