2015-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан студенттер аралык футбол оюну быйыл «Азирети Али» диний окуу жайында өттү

Айдаркен шаарында Баткен облусундагы диний окуу жайдардын  студенттери арасында футбол  оюну боюнча мелдеш өтүп, жалпы 9 окуу жайдан келген командалар ат салышты.

«Илим алган окуучуларга аз да болсо стимул болсун деп ушундай иш-чараны силерге уюштурдук. Талашып-тартышпай силер дагы адеп-ахлагыңар менен көрүүчүлөргө  жакшы үлгү болдуңар. Бул таймаш бир жылда бир болот экен, буюрса мындан ары үч жолу өткөргөнгө аракет кылабыз. Футбол эле эмес, башка спорттун түрлөрүн да кошобуз»,-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

 9 команданын ичинен:

1-орун «Азирети Али” медресеси

2-орун  «Байтулла” медресеси  

3-орун  “Муаъз ибни Жабал” медресеси  

 Эскерте кетсек, аталган турнир окуучулардын ынтымагын бекемдөө, бири-бири менен таанышуу максатында 2015-жылдан бери уюштурулуп, медреселер кезек-кезеги менен өткөрүп келет. Быйыл Айдаркен шаарындагы «Азирети Али» диний окуу жайында өттү.