Максат кары Сидиков Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы менен жолугуп, мечиттердин каттоосу боюнча пикир алышты

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Мусаев менен жолугуп, каттоодон өтпөгөн мечиттер боюнча пикир алмашты.

 «Анын жыйынтыгында айыл өкмөт башчысы тиешелүү адистерге чукул тапшырмаларды берди. Тепе-Коргондо каттоодон өтпөгөн бир дагы мечит калбайт деп ишенем. Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бардык колдоолорду көрсөтөөрүн убадалады. Алдыда башка айыл өкмөт башчылары менен да жолугушууларды өткөрөбүз», – деди Максат кары Сидиков.

Эскерте кетсек, аталган жолугушууда Президенттин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды системалуу жүргүзүү талкууланды.