Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Ала- Букадагы бийлик өкүлдөрү, имамдар менен жолугушуп, ысырапкорчулуктун алдын алууну сүйлөштү

Жалал-Абад облусунун  мусулмандарынын казысы Нематулла  ажы  Жээнбеков Ала- Бука районундагы маданият үйүндө райондун акими, айыл өкмөт башчылары,  айылдык кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары жана жалпы имамдар менен жолугушту.

Жолугушууда КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу маселеси каралып,  облус казысы имамдарга ысырапкорчулукту токтотуу боюнча жыйынтык көрсөтүү керектигин билдирди.

«Дин кызматкерлери ысырап боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүшү керек. Муну менен катар кайрымдуулук кылууга чакырып, айылдагы социалдык абалы оор үй-бүлөлөрдү камкордукка алууга үндөө керек. Качан биз ысырапты токтотуп, ошого кетчү каражатты муктаждарга берсек бир чети сооп табат, экинчиси айылдардагы жакырчылык жоюлат»,-деди Нематулла  ажы  Жээнбеков.