Ош облусунун казысы Кара-Кулжа райондук хатибиятынын курулушу менен таанышты

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, облус казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Кара-Кулжа райондук хатибиятынын курулушу менен жеринде таанышты. Облус казысы элдин диний муктаждыктарын жогорку деңгээлде чечүү жана диний агартуу иштерин сапаттуу жүргүзүү үчүн хатибияттардын орду чоң экенин билдирди.

«Жакын арада облустагы бардык хатибияттарды КР ДИМКнын эсептик каттоосунан өткөрөбүз. Азыр бардык процесстер кетип жатат. Дастан ажынын демилгеси менен салына баштаган хатибият да тез арада бүткөрүлүп, эл кызматына ачылат деп ишенебиз»,-деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Ал эми Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Сатаров хатибияттын курулушу жергиликтүү элдин колдоосу менен жүрүп жатканын баса белгилеп, салым кошуп жаткан жарандарга терең ыраазычылык билдирди.