Ош шаарындагы «Имам Матуриди» окуу борборун 18 студент аяктап, сертификаттарга ээ болушту

Ош шаарындагы «Имам Матуриди» окуу борборун 18 студент окуусун аяктап, анын ичинен 1 студент Куранды толук жаттаса, калгандары илим тармагын ийгиликтүү жыйынтыкташып, сертификаттарга ээ болушту.

Саамалыкка Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушев жана Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов катышып, бүтүрүүчүлөргө илим жолун улантып, күчтүү аалымдардан болуусун Жараткан Алла Тааладан сурап дуба кылышты.

«Бул жигиттер илим жолун тандап, Пайгамбарыбыздын мураскерлери болууга аракеттенишүүдө. Илим алуу диний окуу жайды бүтүрүү менен токтоп калбоосу керек. Анткени илимди бешиктен кабырга чейин алса дагы түгөнбөгөн байлык экени талашсыз. Баарыңар адеп-ахлагы мыкты, илими күчтүү аалым болосуңар деп ишенебиз»,- деди Мирланбек ажы Токтомушев.