Араван районунда «Аялзатынын коомдогу орду» аттуу семинар өткөрүлдү

Ош облусунун Араван районундагы «Бибисара» кыздар медресесинде «Аялдардын коомдогу орду» аттуу семинар өткөрүлдү. Аталган саамалыкка Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамийла Жапашова жана Араван районундагы медресе жана диний окуу борборлордун мугалимдери катышты.

«Эне бул – мектеп. Коомду энелер тарбиялайт. Сиздер окуучуларга динди туура, так жеткиришиңиздер керек. Медресе жана диний окуу борборлордон окуп кеткендер эң мыкты муунду тарбиялап өстүрүшү керек. Мындай улуу озуйпаны динди туура түшүнгөн кыз-келиндер татыктуу алып кете алат», – деп билдирди казынын орун басары.

Ал эми Талант Алмаматов Куран негизиндеги үй-бүлө баалуулуктары боюнча баяндама жасаса, Жамийла Жапашова исламий принциптерди турмушта практикалоо, адеп-ахлак жана каада-салттардын пазилеттери боюнча маалымат берди.

Аталган семинарда экстремизм жана терроризмдин алдын алууда аялдардын ролу боюнча да сөз кылынып, мугалимдерге Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча терең маалымат алуу сунуш кылынды.

Эскерте кетсек, аталган иш-чараны Ош облустук казыяты «Ыйман-Бакыт» коомдук фонду менен биргеликте өткөрүп, мугалимдерге 100 даана ыйык Курандын маанилеринин котормосу белек кылынды.