Лейлектеги «Абдулла ибни Аббас» ислам институтунун студенттерине экстремизм, терроризм боюнча маалыматтар берилди

Лейлек районуна караштуу «Абдулла ибни Аббас» ислам институтунун студенттерине Лейлек РИИБнүн ЭММКАКнын улук ыйгарымдуу кызматкери милициянын капитаны Дастанбек Кумарбаев, Лейлек РИИБнүн ЭММКАКнын ыйгарым укуктуу опер кызматкери милициянын ага лейтенанты Кубанычбек Тайлаковдун катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда тыюу салынган уюмдар жана экстремизм, терроризм боюнча маалымат берилди.

«Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын  №02-104 буйругунун негизинде терроризм жана диний экстремизм идеологиясына каршы аракеттенүү маселелери боюнча өткөрүлүп, окуучуларга туура илим алуу керектиги түшүндүрүлдү»,- деди  аталган институттун ректору Абдыгапар уулу Кубатбек.

Эскерте кетсек «Абдулла ибни Аббас» ислам институтунда 90 студент  илим алып келет.