Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» Куран жаттатуу медресесин 16 студент аяктады

Кечээ, 14-июнь күнү Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» Куран жаттатуу медресесин 16 студент окуусун аяктап, дипломдорго ээ болушту. Саамалыкка Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.

«Диний окуу жайда билим алып жүрүп, ибадаттарды аткарууда кыйынчылыктар болбоосу мүмкүн. Эми окууну бүтүп, элге аралашып, турмуш тиричилик менен алектенип, Куранды кайталоо, илимди тереңдетип окуу жана ибадаттарды өз убагында так аткаруу адамдын напсиге оор келет. Алла Таалам түз жолунан адаштырбай, жаттаган Куранды бекемдөөнү, дин илимин терең окууну жана билгендерге амал кылуучулардан кылсын», — деди шаар казысы.

Ал эми ДИМК ТАБнын башчысы Исакбай Мурзабеков учурда дин илимин алуу үчүн өлкөдө түзүлгөн шарттардын баркына жетүү жана туура пайдаланып калуу керектигин билдирди. 

Белгилей кетсек, Мырза кары Осмонов 2016-жылы «Умму Мухаммад» медресесинин алгачкы мүдүрү болуп эмгектенип, медресени эсептик каттоодон өтүүсүндө кылган кызматтары жана алгачкы ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу катары медресе жамааты тарабынан «Мыкты мүдүр» номинациясы менен сыйланды.