Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков “Аллах сүйгөн пенделер” аттуу китептин ачылыш аземине катышты

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Ислам ажы Амиршаев тарабынан которулуп, басылган  “Аллах сүйгөн пенделер” аттуу китептин  ачылыш аземине катышты. Иш-чаранын алкагында  динге бир топ жылдан бери кызмат кылып келген имамдар дагы  ыраазычылык барактары  жана  акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Облус  казысы китептин мусулман үммөтүнө пайдасы тийүүсүн, кыргыз элине тынчтык, амандык, жалпы имамдардын ишмердигине ийгиликтерди каалап, дуба кылды.

“Эй Аллахтын пенделери! Бейиш арзан эмес, ага оңой-олтоң жетип болбойт. Аллахтын элчиси (Аллахтын ага тынчтык-саламы болсун!) кайрылып: “Ушул нерсени эстеп туткула, Аллах убада кылган нерсе кымбат. Аллах  убада кылган нерсе — Бейиш”,- деп айткан. Бейишке кирүү үчүн ар дайым бар күч, сабыр, эрк, ишеним, ыклас, илим жана амалга аябай муктажбыз”,-дедиНематулла ажы Жээнбеков.