Ош шаарынын казысы ажылык сапарына аттанып жаткан жарандар менен жолугушту

Кечээ, 14-июнь күнү “Сулайман-Тоо” мечитинде Ош шаарынын мусулмандарынын казыяты ажылык сапарга  баруучуларды узатуу аземин уюштуруп, ага шаар казысы  Мурзакул кары Осмонов жана Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышты.

Вице-мэр калаа башчысынын саламын жолдоп, өлкөбүзгө, элибизге тынчтык, амандык, жакшылык тилеп дуба кылуусун сурады.

Ал эми шаар казысы  ажылыктын тартип эрежелерин сактоо, жетектеп барган ажы башчыга моюн сунуп, ажылык ибадатын ийгиликтүү аткаруу керектигин белгилеп, Жаратканга жалбарып дуба кылды.


«Алла  Таала насип кылып, ажылык сапарына аттануу алдында турасыздар. Бул сиздер үчүн эң чоң бакыт. Исламда ажылык сапарына бир жолу баруу парз. Андан соң нафил болуп саналат. Ошондуктан  алгачкы барууда ката-кемчиликтерден сактануу үчүн ажы башчыга моюн сунуп, тартип, эрежелерди  туура түшүнүү керек» — деди шаар казысы Мурзакул кары Осмонов.

Ажылык сапарга аттанып жатышкан жарандар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, мамлекет, эл үчүн дуба кылышаарын билдиришти.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Ош шаарынан ажылык сапарына 381 жаран барса, аларды 8 ажы башчы коштоп барат.