Өзгөндүн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондун администрация башчысы Шабдан Абыкаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну сүйлөштү

Кечээ, 14-июнь күнү Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөндүнадминистрация башчысы-аким Шабдан Абыкаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну сүйлөштү.

Жолугушууда Акжол ажы Бакиров жаңы дайындалган акимди кызмат орду менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун соңунда Шабдан Абыкаевге райондук хатибият  тарабынаныйык Куран китеби белек кылынды.