Өзгөндө 100 муктаж үй-бүлөгө 300 000 сомдук азык-түлүк баштыкчалары берилди

Бүгүн, 15-июнь күнү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Өзгөн хатибиятынын демилгеси менен 100 жардамга муктаж  үй-бүлөгө 300 000 сомдук азык-түлүк баштыкчалары таратылды.

Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Өзгөн райондук администрациясынын башчысынын орун басары Рахимбек Мырзакулов, айыл өкмөттүн жооптуу имамдары жана район тургундары катышты.

Азык-түлүктөрдөн ун, өсүмдүк майы, кум шекер, чай, макарон, күрүч, туз жана таттуулар  берилди.

«Адилеттүүлүк болсун деп районго караштуу 19 айыл өкмөттөн жардамга муктаж төрттөн үй-бүлө жана Өзгөн шаарынан 24, жалпы 100  үй-бүлөгө жардам көрсөттүк. Максатыбыз фитир-садаканын өз ордуна жеткирүү жана жардамга муктаж жарандарды сүйүнтүү», – деди Акжол ажы Бакиров.

Кайрымдуулук иш-чарасы фитир-садакадан түшкөн каражаттын Өзгөн хатибиятына тиешелүү эсебинен каржыланып, калктын аярлуу катмарына тапшырылды.