Нарындагы “Юсуф Сыдык” атындагы Нарын медресесинин кыздар бөлүмүн 21 студент аяктады

Нарын шаарындагы “Юсуф Сыдык” атындагы  Нарын медресесинин  кыздар бөлүмүн 21 студент аяктады. Саамалыкка Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов, медресе мүдүрү Баатырбек Жакыпов, медресе мугалимдери жана ата-энелер катышышты. Облус казысы окууларын аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө бул жашоодо туура жолду тандап, жаштыктын мүмкүнчүлүгүн текке кетирбей, мындан ары да илимдин изин улап, келечекте кыргыз элине керектүү кеменгер кыздар болушуна тилектештигин билдирди.  Ошондой эле ата-энелерге, таалим -тарбия берген медресе жамаатына терең ыраазычылыктарын айтып, студенттерге  медресени бүтүргөнүн тастыктаган сертификаттарын тапшырды.

Эскерте кетсек, мындан эки күн мурда Нарын медресесинин балдар бөлүмүнөн 17 бала, ал эми кыздар бөлүмүнөн 21 кыз эки жылдык окуу программасын ийгиликтүү аякташты.