Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына келип, мейманканаларга жайгаштырылды

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына келип, мейманканаларга жайгаштырылдыКыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына келди. Болочок ажыларды 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөсү Жоробай ажы Шергазиев тозуп алды. Андан соң 405 жаран ыйык Харам мечитинин жанында жайгашкан мейманканаларга жайгаштырылды.

«Ажылардын ден соолуктары жакшы. Буюрса бардыгы көзөмөлдө. Керектүү дарылардын бардыгы бар»,-деди ажыларды коштоп келген дарыгер Нарынбек Акматов.

Ал эми ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев 405 ажыны коштоп келген ажы башчыларга жыйын өтүп, коопсуздук жана Сауд Араб Падышачылыгынын ажылыкты аткаруудагы мыйзамдарын так сактоо керектигин түшүндүрүп, бул жаатта ар бир ажылык амалын аткаруу үчүн келген жарандар менен иш алып барууну тапшырды.