Кыргызстандык ажылардын экинчи тобу Медина шаарына келди. Аларды Медина шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү тозуп алышты

Кыргызстандык болочок ажылардын экинчи тобу Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Медина шаарына келишти. Ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн келген 404 Кыргызстандык жаранды  Медина шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү тозуп алышты.

«Бүгүн, 17-июнь күнү ажылык милдеттерин аткаруу үчүн Кыргызстандан келген   болочок ажылардын экинчи тобун тосуп алдык.  Медина шаарына келген зыяратчыларыбызды коштоп 2 дарыгер келди. Учурда мейманканаларга жайгаштыруу иштери аяктады»,-деди ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлү Жоробай ажы Шергазиев.

Эскерте кетсек, кечээ 16-июнь күнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына келген болчу. Учурда Медина шаарына жалпысы болуп 809 Кыргызстандык жаран өздөрүнүн ибадаттарын аткарышууда.