Чүй облусунун Ивановка айылындагы «Ала-Тоо-2» кыздар медресесин 22 студент аяктап, кошумча ашпозчулук жана тигүүчүлүк тармагын өздөштүрүштү

Чүй облусунун Ивановка айылындагы  «Ала-Тоо-2» кыздар медресесин 22 студент аяктаса, 8 окуучу Куранды толук жатташкан. Окуу жайда кошумча кесиптик билим берилип, бүтүрүүчүлөр  ашпозчулук тармагын дагы өздөштүрүштү.

Саамалыкка облус казысы Раслан ажы Жумагулов катышып, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады.

«Окууну бүттүк деп токтотуп койбогула! Эми билгениңиздерди башкаларга үйрөтүп, өзүңүздөр изденүү менен алек болуңуздар. Буюрса уядан учкандан кийин дагы окуу жайды зыярат кылып, жардам берип туруу керек»,-деди облус казысы.

 Ал эми окуу жайдан жетекчилиги окууларын аяктап жаткан студенттерге дипломдорун тапшырып, илимдүү инсан жерде калбай тургандыгын айтышты.