Каракол шаарында дин кызматкерлери менен биргеликте диний абал талкууланды

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө ШИИБ өкүлдөрү, Каракол шаардык хатибиятынын эмгек жамаатынын катышуусунда Ысык-Көл облусунун аймагында диний экстремизмге, терроризмге каршы туруу жана алдын алуу боюнча  жыйын өттү. 

Жыйындын алкагында ар кандай терс диний агымдардын алдын алууда дин кызматкерлеринин ролу айтылып, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы бар экендиги айтылды.

“Дин кызматкерлери кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун шарияттагы ордун калкыбызга айтып келебиз. Бул жаатта өспүрүмдөр менен иш алып барып, болушунча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз”,-деди Рустам ажы Ыбыкеев.

Жыйындын соңунда укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландашып, эки тараптуу иш алып баруу макулдашылды.