Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун Кара-Суу айылында курулуп жаткан хатибияттын имараты менен жеринде таанышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун баш имам-хатиби Райымберди ажы Өмүралиев менен жолугуп, хатибияттын курулушу  менен жеринде таанышы.

Талас районунун баш имам-хатиби Кара-Суу айылында заманабап мечит менен бирге курулуп жаткан хатибияттын имаратынын пайдубалы түптөлүп, күз айларында бүткөрүлөөрүн билдирди.

«Жакынкы күндөрү курулушка тиешелүү бардык шаймандар жана материалдар алынып келинет. Учурда хатибияттын пайдубалы түптөлүп, күзүндө ачылышы болот деп турабыз»,-дейт Райымберди ажы Өмүралиев.

Ал эми облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев район аймагында бир топ алгылыктуу иштердин жүрүп жаткандыгын айтып, ага улай хатибияттын имараты бүткөрүлсө жарандардын кайрылууларына жакшы шарт түзүлөөрү чоң жетишкендик экендигин билдирди.

«Заман талабына ылайык хатибияттардын дагы курулушун жүргүзүшүбүз керек. Элдин суроосуна жооп берип, мүдөөлөрүн орундатуу үчүн иш орундары болуш керек. Буюрса облусубуздун бардык райондорунда хатибияттардын өздүк имараттары болот деген үмүттөмүн»,-деди облус казысы.