3 дарыгер жана 401 Кыргызстандык жаран ажылык милдеттерин өтөө үчүн Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Медина шаарына келишти. Бул Бишкек-Медина багыты боюнча келген 3чү топ

Кыргызстандык ажылардын 3чү тобу Сауд Араб падышачылыгынын ыйык Медина шаарына учуп келишти. Болочок ажыларды коштогон 3 дарыгер бар.

«Бүгүн, 18-июнда Кыргызстандык ажылардын 3чү тобу Медина шаарына келди. Учурда автобустарга жайгаштырылып, мейманканага сапар алышты. Мекендештерибиздин маанайлары жана ден соолуктары жакшы»,-деди Медина шаарындагы штаб өкүлү Жоробай ажы Шергазиев.

Эскерте кетсек, жалпысы болуп Медина шаарына 1213 Кыргызстандык болочок ажылар келишти. Акыркы каттам 22-июнь күнү Бишкек -Медина багыты боюнча учуп келишет.