Баткенде КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин катышуусунда диний кырдаал талкууланды

Баткен  мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,  диний окуу борборлордун мугалимдери жана Баткен районундагы дин кызматкерлдердин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Ар кыл тармактын өкүлдөрү чогулган жыйынга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков жана облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышып, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыгарылган №02-104.буйругунун аткарылышы, экстремизм, терроризмге  каршы аракеттенүү, жана өлкөбүдө тыюу салынган агымдар боюнча кеңири маалымат берилди.

“Биз жарандарыбызга Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, терс диний агымдардан жарандарыбызды оолак кылуубуз зарыл.  Дин кызматкерлери менне тиешелүү мамлекеттик мекемелер тыгыз кызматташуусу учурдун талабы”-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Ал эми КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат,- туурасында кеңири маалымат берди.

“Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын жөнгө салуучу  конституция, дин тутуу эркиндиги, КР укук бузуулар жөнүндө кодекс сыяктуу  бир канча мыйзамдар бар, аларды билип туура так аткарышыбыз жана сыйлашыбыз керек «-деди Исакбай Мурзабеков.

Иш-чаранын соңунда облус казысы диний окуу жайлардын мугалимдерине   ыраазычылыгын билдирип,  мактоо баракчаларын тапшырды.