Өрнөк айылындагы мектепти 10 жыл мурун аякташкан жаштар муктаж айыл үй-бүлөлөргө тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүштү

Өрнөк айылындагы мектепти 10 жыл мурун бүтүргөн айыл жаштары каражат топтошуп, жардамга муктаж айыл тургундарына тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүштү.  Муну менен катар жаштар жергиликтүү мечитти оңдоп-түзөө үчүн дагы бардык аракеттерин кылышууда.

“Биздин айылда бул көрүнүш салтка айланып калгандай. Себеби, мектеп бүтүрүүчүлөрү дайыма мечитке келишип, айыл имамы менен кеңешүү менен кайрымдуулук иштерин аткарып келишет”,-деди Өрнөк айылынын имамы Жылдызбек Сатывалдиев.