Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош шаарынын жаңы казысын кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланды

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош шаарынын жаңы казысы Мурзакул Осмоновду кабыл алды. Өз сөзүндө мэр М.Осмоновду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаштарды туура тарбиялоо, түрдүү конфессиялар менен этностордун ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, экстремизм жана терроризмге каршы туруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана казыяттардын жүргүзүп жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

“Ош шаарынын мэриясы казыятка шаардыктар үчүн коюлган пландарды, максаттарды ишке ашырууга ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр”, — деп баса белгиледи А.Мамбетов.

Өз кезегинде М.Осмонов быйылкы жылдын иш-чараларынын планына токтолду. Анын ичинде студенттер, жаштар жана коомчулук арасында терроризм жана экстремизмге каршы туруу боюнча лекцияларды жана семинарларды, массалык иш-чараларды өткөрүүгө, эски мечиттердин имараттарын реконструкциялоодо документ жүгүртүүнү жеңилдетүүгө, диний уюмдардын аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө байланыштуу ойлорун айтты.