Ноокат районунда эски мечиттин ордуна жаңы мечит курулуп, колдонууга берилди

Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүндө эски мечиттин ордуна жаңы мечит салынып, ачылыш аземи болуп өттү. Саамалыкка Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана айыл өкмөттүн жашоочулары катышты.

«Аллага эң сүйкүмдүү орундар мечиттер болуп эсептелет. Себеби мечитте Аллага көп ибадат кылынат. Аны куруп гана койбой, аабад кылуу зарыл», – деп билдирди казы орун басары.

Алибек ажы мындан сырткары ысырапкорчулуктун кесепеттери жана эктремисттик көз караштардын зыяндары боюнча маалымат берди.