«Апиза эне» ислам институтунда окуу жылы жыйынтыкталып, мыктылар сыйланды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институтунда 2021-2022-окуу жылын жыйынтыктоого багытталган саамалык болуп өттү. Күн тартибинде 2021-2022-окуу жылын жыйынтыктоо, мугалимдерди жана студенттерди сыйлоо маселеси каралып, ага аталган окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышты. Жыл жыйынтыктоо Куран окуу менен башталып, бир жыл бою сабактардын жүрүшү, план-программа жана иш чаралардын аткарылышы, экзамен, зачеттордун жыйынтыктары, студенттердин окуудагы жетишкендиктери жана кемчиликтери, жатакана тартиби, жүрүм-турумдары ж.б. маселелер жыйындын катышуучуларына маалымат катары берилди. Аталган иш-чарага чакырылган коноктор институттагы окуу процесси жана жүргүзүлгөн ишмердүүлүктү “эң жакшы” деп баалашты.

Жыйындын жүрүшүндө ректор Абдирашит ажы Батыров студенттерге кайрылып илим-билимдин пайдалары тууралуу нускалуу сөздөрдү айтып, эс алуу учурунда алган билимдерин унутпай кайталап, бир жыл бою алган тарбиясын иш жүзүндө ашыруу керектигин баса белгилеп, ата-энесине жакшы кызмат кылууларын буйруду.

Сыйлоо аземинде 2021-2022-окуу жылында сабак берүүдө өзүнүн активдүүлүгүн, өзгөчөлүгүн көрсөткөн мугалимдер  “Апиза эне” ислам институтунун “Ыраазычылык баракчасы”, “Алкыш баракчасы” жана  “Жылдын мыкты мугалими” номинациясы менен сыйланышты.

Ал эми 2021-2022-окуу жылында окууда мыкты жетишкендиктерге жетишип, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттер, мыкты жүрүш-турушка ээ болгон студенттер, ошондой эле, “Апиза эне” ислам институтунун ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жана өнүктүрүүдө кошкон зор салымы үчүн бир топ студенттер сыйланышты.

Жатакананын бөлмөлөрү боюнча №6 бөлмөгө “Мыкты бөлмө – 2022” номинациясы берилсе, “Жылдын мыкты студенти – 2022” номинациясы 3 студентке ыйгарылды. Ошондой эле “Жылдын мыкты азанчысы – 2022”, “Жылдын мыкты спортчусу – 2022”, “Жылдын мыкты тайпа лидери – 2022” номинациялары да татыктуу студенттерге ыйгарылды.

Жыйындын соңунда, “Апиза эне” ислам институтунун имаратын бардык шарттары менен заманбап куруп берген Раимбек Матраимовго институттун ректору Абдирашит ажы Батыров өзүнүн атынан жана жамааттын атынан терең  ыраазычылык билдирип,  мындан аркы иштерине ийгилик каалап, эл-жери үчүн, калк үчүн, дин үчүн кызмат кыла беришине тилектеш экендигин билдирди.