Алгачкылардын болуп ыйык Мекке шаарына келген ажылар Дауар Кудей районундагы мейманканаларга жайгашышты

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу ыйык Мекке шаарына келишип, Дауар Кудей районундагы мейманканаларга жайгашышты. Ажыларды коштоп дарыгерлер жана штаб мүчөлөрү келишкен.

Алгачкы топту 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган штаб мүчөлөрү тозуп алышты.

«Медина -Мекке багыты боюнча автобустар менен келген мекендештерибизди тозуп алып, мейманканага жайгаштырдык. Учурда 2 мейманканага медициналык тейлөө пунктун ачалы деп даярдык көрүп жатабыз. Муну менен катар мейманканадан ыйык Харам мечитине ташыган автобустар дагы ишке кирди. Ажыларыбыз үчүн мүмкүн болушунча шарт түзүп берүүгө аракеттер көрүлүүдө»,-деди штаб жетекчиси.