Быйыл Кыргызстандык ажыларды мейманканалардан ыйык Харам мечитине ташууда 8 автобус кызмат кылмакчы

Ыйык Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган штаб мүчөлөрү Жидда шаарындагы автобустар менен камсыз кылуучу Магриби мекемесинин жетекчиси Ахмад Магриби менен жолугушуп, Кыргызстандык ажыларды мейманканалардан ыйык Харам мечитине ташуучу маршруттук каттамдарды үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча эки тараптуу келишим түзүштү.

Штаб башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин саламын жолдоп, ажылыкты уюштуруу штабы эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Быйыл автобустар менен камсыз кылууда эч кандай үзгүлтүккө учурабайт. Биз дагы ажыларга кызмат көрсөтүүдө бардык аракеттерди көрүүдөбүз»,-деди Магриби мекемесинин жетекчиси Ахмад Магриби.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстандык ажыларды мейманканадан ыйык Харам мечитине ташууда 8 автобус кызмат кылмакчы.