КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү облус казысы Нуридин ажы Мамасабировду ардак грамота менен сыйлады

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим  Алимбаев  Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабировду ардак грамота менен сыйлады.

“Баткен облусунун социалдык -экономикалык абалын жакшыртууга,  коомдук жана жарандык маданий адеп-ахлакты, руханий баалуулуктарды калыптандырууда кошкон зор салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн  Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров ардак грамота менен сыйланды»-деди облус башчысы.

Абдикарим Алимбаев облуска жетекчи болуп келгенден бери казыят менен тыгыз иш алып барып, алардын берген сунуштарын четке какпай элди руханий жактан көтөрүүдө бир канча алгылыктуу иштер жүргөнүн жана бул нерсени жандандырууда кошкон зор салымы үчүн облус казысынын салымы чоң экенин баса белгилеп, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.