Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди

Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, ысырапкорчулуктун алдын алуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү, өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү иштерди аткаруу, беш убак намазга жана жума намазы үчүн азандардын өз убагында айтылуусун камсыздоо, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, агартуу иштерин жүргүзүү, жумушка жоопкерчилик менен мамиле кылуу маселелери каралды.

Шаардагы дин кызматкерлерине өткөн жыйында  казыят кызматкерлери баяндама жасашып, сунуш-пикирлерди укту.

«Ар бир кесип ардактуу. Андыктан бизге берилген жоопкерчиликтүү кызматты сезип, эл менен иштейли. Берилген тапшырмаларды аткаруу менен казыят, хатибияттардын буйруктары кечиктирилбеши зарыл»,-деди шаар казысы Мурзакул кары Осмонов.