Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районундагы дин кызматкерлери менен биргеликте диний абалды талкуулады

Баткен облустук мусулмандарынын казыяты  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын  №02-104 буйругунун  негизинде терроризм жана диний экстремизм идеологиясына каршы аракеттенүү маселелери боюнча КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте Сүлүктү шаарындагы жана  Лейлек районундагы имамдар, диний окуу борборлордун мугалимдерине жыйын өткөрдү.

 Лейлек райондук маданият үйүндө  өткөрүлгөн жыйынга КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Лейлек районунун акиминин орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана  Лейлек РИИБнын жетекчиси, милициянын подполковниги Б.А.Кундузов  катышты.

«Урматтуу дин кызматкерлери! Абу Ханифа мазхабы жана Матурудий акыйдасынын алкагында элибиз менен иштейли. Дин кызматкери катары мамлекет алдындагы жоопкерчилигибиз тууралуу  так билип алуу үчүн биз атайын КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси М.И.Камаловичти чакырдык.  Айыл аймактардагы диний жаатта иштеген бардык кызматкерлер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек»-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Ал эми КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берип,   өлкөбүздөгү расмий катталган диний уюмдар, жоюлган же ишмердүүлүгү токтотулган жана  ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдар туурасында айтып берди.

Иш-чаранын соңунда облус казысы өздөрүнүн ак эмгеги менен алгылыктуу  кызмат кылган дин кызматкерлерине  жана диний окуу жайлардын мугалимдерине ыраазычылыгын билдирип, мактоо баракчаларын тапшырды.