Мырза кары Осмонов: Алла Таала ысырап кылгандарды жакшы көрбөйт

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов «Али аль-Байт» мечитиндеги жергиликтүү тургундар менен жолугушуп,  ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча баяндама жасады.

«Тапканыбыздын баарын эл көрсүн үчүн бир күндө чачсак дагы инсан унутчаак болгондуктан, көп өтпөй унутулат. Анын ордуна коомго пайда алып келген мектеп, көпүрө, жол салып, үзгүлтүксүз жетип туруучу соопко ээ болуңуз. Анткени, Алла  Таала ысырап кылгандарды жакшы көрбөйт», — деди шаар казысы.

Ал эми жергиликтүү тургандар шаар казысынын пикирин туура кабыл алышып, бул жаатта имамдар эл арасында ысыраптын шарияттагы ордун түшүндүрүп жаткандыктарын билдиришти.