Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов ОшМУнун теология факультетинин мугалимдери менен жолугушту

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов ОшМУнун теология факультетинин мугалимдери менен жолугушту.

Жолугушууга теология факультетинин деканы Зайлабидин Ажимаматов, декандын орун басары Хилми Кара Агач, теология илимдеринин доктору Ниязалы ажы Арипов жана  Үмүт Али келишип, шаар  казысын кызмат орду менен куттуктап, тыгыз иштешүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов теология факультети менен биргеликте диний иш-чараларды, илимий семинар жана окутуу курстарын уюштуруу боюнча чогу иштөө пландары менен бөлүштү.