Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов мурдагы казы Убайдулла ажы Сарыбаев менен биргеликте спорт комплекстин пайдубалына капсула салды

Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов  Ош шаарынын мурдагы казысы Убайдулла ажы Сарыбаев менен биргеликте «Жаңы турмуш» айылындагы спорт комплекстин пайдубалына капсула салды.

Шаар казысы спорт жаштардын ден соолугун чыңдап, ынтымагын бекемдөөдө  маанилүү экендигин айтып өттү.

«Адамдын жаны аманат. Ар дайым ден соолукка кам көрүү керек. Спорт бул ден соолукту чыңдоо жана жаштардын ынтымагын бекемдөө үчүн маанилүү болуп саналат. Алсыз мусулманга караганда күчтүү мусулман Аллахка сүйкүмдүүрөөк. Ошондуктан балдарыбызга спорт менен машыгууну, сууда сүзүүнү жана ат мингенди үйрөтүү милдетибиз»,- деди Мырза кары Осмонов.

Ал эми Убайдулла ажы Сарыбаев жаштарды кайдыгерликтен жана жалкоолуктан арылууга чакырды.

«Адам баласы мээнеткеч болуусу керек. Мээнеткеч адам ибадат кылууда бекем болуп, жалкоолуктан алыс болот. Жалкоолук Кудайга жакпайт. Спорт болсо адамды ар дайым кыймылда болуусуна түрткү берет»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.