Мырза кары Осмонов: Тартип жана тазалык боюнча мусулман адам башкаларга үлгү болуусу керек

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов казыят кызматкерлери менен биргеликте Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгындагы айрым мечиттерди кыдырып, жергиликтүү тургундарга ислам дининин баалуулуктары боюнча баяндама жасады. Муну менен катар шаар казысы мечиттердин тазалыгы жана коопсуздук эрежелердин сакталышын  текшерди.

«Ислам — бул жакшы кулк-мүнөз. Динибизде элге кандай мамиледе болуу керектиги жана адам акысы деген түшүнүктөр маанилүү болуп эсептелет. Ошондой эле тартип жана тазалык боюнча мусулман адам башкаларга үлгү болуусу керек. Мечит адамдар менен гана көркүнө чыгып турат. Жергиликтүү жамааттын биримдиги, ынтымагы бекем болсо, мечитте тартип жана тазалык болот»,- деди шаар казысы.