Азирети Муфтий Замир кары Ракиев менен Бишкек епархиясынын епискобу Савватий кызматташууну талкуулашты

Бүгүн, 22-июнда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарынын жана Кыргызстандын епискобу Савватий менен жолугушту. 

Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Кыргызстандын православ епархиясынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты белгилеп, ошондой эле бул өз ара аракеттенүү улана бере тургандыгын билдирди.

Епископ Савватий өз кезегинде Азирети Муфтий Замир кары Ракиевди теология тармагындагы илимий коомчулукту тартуу менен тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө жана конфессиялар аралык ынтымакты жана этностор аралык достукту чыңдоодо кызматташууга даярдыгын билдирди.