Ош шаарынын казысы Ош шаардык Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков Ош шаарынын казысы болуп дайындалган Мырзакул Осмонов менен жолугушту. Жолугушууда төрага Салман Назылбеков Ош шаарынын тургундарына ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүү керектигин айтып, казыят менен мамилеге өзгөчө маани берерин жана шаардагы салттуу ислам дининин туура нукта өсүүсүнө шаардык казыяттын орду чоң экендигин билдирди. Ал эми “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 15-июнда өткөн кезектеги сессиясында шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынган №51 токтом “Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосу бекитилгенин айтып өттү.