Меккедеги ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси «Лажнатуль-Тансиик» Вакф мекемесинин жетекчиси доктор Абдурахман Тоолиб менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын Борбордук Текшерүү комиссиясынын  (БТК) төрагасы Бакыт ажы Нурдинов баштаган штаб кызматкерлери Мекке шаарындагы «Лажнатуль-Тансиик» Вакф мекемесинин жетекчиси доктор Абдурахман Тоолиб жана вакфтын кызматкерлери менен жолугушту.  

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында 2022-жылдагы Кыргызстандык ажыларды мейманкана менен камсыздоо жана тейлөөнү жакшыртуу, ар бир ажы жайгашкан бөлмөлөрдө аба муздаткычтарынын болуусу жана шарттары туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Муну менен катар тараптар мейманканалардагы коопсуздук эрежелери,  тартиптери, Сауд Араб Падышачылыгынын мыйзамдарын сактоо боюнча пикир алышты. Ал эми 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев эки өлкөнүн достук алакаларынын бекемделишине жана дүйнөнүн ар тарабынан келген ажыларга ар дайым сапаттуу кызматын мындан ары дагы көрсөтүшүнө тилектештигин билдирди.